Мен да мигрант болгом: Депутат министрдин орун басарын зекиди

Мен да мигрант болгом: Депутат министрдин орун басарын зекиди

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Коргонбай Жусупбек уулу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин ишин сынга алып, министрлик миграция маселеси боюнча тиешелүү иштерди алып барбай жатканын айтты.

Депутаттын пикиринде,  аталган министрлик коррупцияга батып кетти.

“Мен дагы мигрант болгом. Силердин министрлик кандай иштеп жатканын жакшы билем. Силер чет элдик жарандарга жумушка орношууга уруксат берүү үчүн мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизейин деп жатасыңар. Бул үчүн ар бир чет элдик жарандан акча аласыңар. Бизде 1 миллиондон ашык мекендешибиз талаалап жүрөт. Жыл сайын бийликке келген адамдар миграция маселесин чечебиз дешет. Бирок жыл сайын 18 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жарамдуу адамдар чет мамлекеттерге кетип жатышат.

Министрлик мигранттарга шарт түзүп бериши керек эле. Силер болсо 40 кишини Кореяга, 30 кишини Англияга жөнөтүп коюп мактанып отурасыңар. Маселе муну менен чечилбейт. Силер жумуш орун түзүү боюнча өкмөткө сунуш беришиңер керек. Ички мигранттар дагы көбөйүп жатат. Мигранттардан  2021-жылы которгон акча ички дүң продукциянын канча пайызын түзгөнүн билбейсиз”, — деди депутат.

Коргонбай Жусупбек уулу ошондой эле, учурда кыргызстандык атуулдар Орусиянын аскерине чакырылып жатканын айтып, министрлик бул багытта иш алып барышы керектигин айтты.

“Мигранттар айла жоктон Орусиянын жарандыгын алышкан. Эми Владимир Путиндин буйругу менен аларды мобилизацияга тартып жатышат. Жарандыгын алган адам дагы биздин атуул. Силер ошол боюнча маселе көтөрүшүңөр керек эле”, — деди ал.

Комитет “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндөгү”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөгү”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөгү” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады.

Министрликтин акыркы маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын 1 миллион 118 миңдей жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 1 миллион 63 миңи Орусияда, 30 миңдейи Казакстанда, 20 миңге жакыны Түркияда, 10 миңдей кыргызстандык АКШда жана Араб өлкөлөрүндө, Түштүк Кореяда беш миңдейи иштөөдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>