Эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Алтынбек Сулайманов иштен кетти

Эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Алтынбек Сулайманов иштен кетти

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ал кызматтан кеткенине байланыштуу билдирүү жасады.

Сулайманов билдирүүсүндө кызматтан кетип жатканынын себебин түшүндүргөн.

«Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим», — деди ал.

Эскерте кетсек, Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчылыгына быйыл февраль айынын аягында дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>