Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусу
Жол киреси 40-50 сом. Бишкекте VIP маршруткалар пайда болот
27.09.2022 | 15:48
Бишкекте жол кире акысы 40-50 сом болгон VIP кичи автобустарды каттамга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев бүгүн, 27-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Отурумда депутат Дастан Бекешев Бишкектеги коомдук унаалар боюнча маселени көтөрүп, каттамга жол кире акысы 30-40 сом болгон, ыңгайлуу, шарттары бар кичи автобустарды каттамга чыгарууна сунуштады.
Нусубалиев бул багытта иш алынып барып жатканын айтып, шаарда VIP кичи автобустар пайда болушу мүмкүн экенин билдирди.
“Бул долбоор макулдашылып жатат. Жакында шаардык кеңештин кароосуна киргизилет”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом