Апасы менен уруша кеткен. Жайылда 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

Апасы менен уруша кеткен. Жайылда 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

Жайыл районунун Ново-Николаевка айылында 13 жаштагы өспүрүм апасы менен уруша кеткенден кийин асынып алган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга өспүрүмдүн апасы кайрылган.

«26-сентябрда милицияга арыз менен айылдын 32 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 13 жаштагы уулун издөөгө жардам сурап, баласы бир күн мурун саат 18:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эместигин айткан», — деп айтылат маалыматта.

Аял күйөөсү Орусияга иштегени кеткенин билдирген. 25-сентябрда уулу анын унаасын уруксатсыз айдап кеткен. Муну уккан апасы аны урушкан. Баласы таарынып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Окуучунун апасы милицияга арыз жазып жүргөндө анын туугандары баланын огороддун четиндеги турникке асылып турган денесин табышкан.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: өспүрүм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>