Дастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталды
Кара-Балтадагы батирден улгайган аялдын жансыз денеси табылды
06.10.2022 | 14:57
Кара-Балта шаарында батирлердин биринен улгайган аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМдин Кара-Балта шаарындагы Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам Жайыл райондук №22 өрткө каршы бөлүмдүн куткаруучулары бекилип калган эшикти ачып беришкенде батирдин ичинен 87 жаштагы Ч.А. аттуу аялдын сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар