Маданият министрлигинин мекемелерине 27,1 млн сомдук зыян боюнча иш козголдуАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза алууга талаптарды күчөттүКыргызстанда мектеп формасы өзгөрбөйтМосквада мигранттар үчүн «Амина» тиркемеси ишке кирет“Жеңиш” чокусундагы куткаруу операциясына жөнөтүлгөн ӨКМдин тик учагы кайтып келдиКөптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болушту
Ошто айдоочу унаасы менен суу каналына түшүп кеткен
18.10.2022 | 15:46
Ош шаарында унаасы менен суу каналына түшүп кеткен айдоочу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-октябрь болжол менен түнкү саат 03:30да ӨКМге, Кулматов көчөсүндө айдоочу рулга ээ боло албай Lexus S933 унаасы менен “Увам” каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
“Куткаруучулар жерине барган учурда, унаанын ичинде айдоочу бар экендиги аныкталган. Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, 25 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун каналдан чыгарышкан. Учурда абалы жакшы”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом