Азербайжандык ишкерлер Чүйдөгү ишканалар менен кызматташат   

Азербайжандык ишкерлер Чүйдөгү ишканалар менен кызматташат   

Азербайжандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусунун ири ишканалары менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөдөн келген ишкерлердин тобунун жетекчиси Зафар Мамедов преизденттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ишкерликти өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды.

Натыйжада ишкерлер Чүй облусунун “Кант Сүт”, “Үмүт жана К” сыяктуу ишканалары менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

“Аталык Групп” ЖАК менен дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Ошондой эле, Азербайжан өлкөсүнөн келген ишкерлер Чүй облусунун Ысык-Ата, Кемин райондоруна убактылуу жайгашкан Баткен облусунан келген мекендештерге жалпы 252 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>