Алишев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

24.10.2022 | 21:32

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койгонун

парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

РЕЗЮМЕ

Шабданбек Алишев 1980-жылы 3-октябрда туулган.

Жогорку билими бар.

2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес сектордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;

2006-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин жетектөөчү адиси, ошондой эле «Оймо» жаштар чыгармачылык студиясынын директорунун орун басары;

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн референти;

2007 – 2009 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009 – 2010 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти;

2011-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;

2011-2021-жылдары Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмүндө ар кандай кызматтарда иштеген;

2022-жылдын 1-февралынан тартып – Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top