Кыргызстандык аял 7,5 кг алтын менен Индиянын Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Ommcom News жазды.
Маалыматка караганда, аял Кыргызстандан Нью-Делидеги аэропортко кечээ, 27-октябрда учуп келген. Бажы кызматкерлери алтынды текшерүү учурунда тапкан.
«Ал төрт алтын куйманы корсетте жасалган чөнтөктөргө катып алып өтүүгө аракет кылган. Анын алтынга тиешелүү документтери болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча «алтын аткезчилиги» боюнча кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү соттун чечими менен ал 14 күнгө камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз