Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камалды
01.11.2022 | 20:26
Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камалды. Эртең анын баш коргоо чарасы каралаары кабарланууда.
ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына суракка кирип кеткен. Буга чейин Reporter.kg’ге кандай негизде кармап кеткенин биле электигин кабарлаган.
Талас уулу ушул жылдын 18-февраль күнү Фейсбукка диний посту бөлүшкөнү үчүн УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Ал диний илимий макаланы Фейсбуктагы баракчасына бөлүшкөнүн, бирок, анын Кыргызстанда тыюу салынган макала экенин билбегендигин шардана кылган.
Үйүнөн диний китептерди да алып кеткен.
Атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин кайра да чакырылаарын билдирген болчу.
Соңку учурларда Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелер боюнча байма-бай постторду Фейсбукка жарыялап жаткан болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат