Дүйнөлүк Куран жарыштын жеңүүчүсү Кыргызстанга келди

Дүйнөлүк Куран жарыштын жеңүүчүсү Кыргызстанга келди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган муфтият жамааты Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурсунун жеңүүчүсү Мухаммадали кары Умаровду тосуп алды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал окуусуна байланыштуу Кыргызстанга бүгүн, 1-ноябрь күнү келген.  Аны муфтий жеңиши менен куттуктады.

“Куранды жаттоо, жаттоо менен бирге Куран чийини менен жашоо бул дүйнөдөгү эң кайырдуу иш экени маалым. Ыйык Куран акыретте да окуган кишисине шапаатчы болот. Жергебизде Мухаммадалидей карылардын чыгышы Алла Тааланын нимат-жакшылыгы. Мухаммадалидей хафизди тарбиялап өстүргөн ата-энесине алкыш”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Сауд Арабиянын Мекке шаарында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп, анда Кыргызстандын атынан катышкан Мухаммадали кары Умаров жеңүүчү болгон. Баш байгеге коюлган 250 миң риалды (5.5 миллион сом) утуп алган 24 жаштагы кыргызстандык хафиз окуусуна байланыштуу Кыргызстанга келе элек болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>