Чүй: 62 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Чүй: 62 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунун прокуратурасы 75,8% мамлекеттик үлүшү бар “Бишкек машина куруучу заводго” таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкесин сатуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүздү. Аталган ишкана Сокулук  районундагы Новопавловка айылында жайгашкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жер тилкесинин менчик укугу “Бишкек машина куруу заводу” башкармалыгынын чечими менен, сатуу жана сатып алуу протоколун жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз үчүнчү жактарга өтүп кеткени аныкталган.

Райондук прокуратура Сокулук райондук сотуна протоколду, “Бишкек машина куруу заводунун” коллегия мүчөлөрүнүн жыйынынын чечимин жана жерди сатуу келишимин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган.

Соттун чечими менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, 82 млн 460 миң сомдук жер тилкеси “Бишкек машина куруу заводунун” менчигине кайтарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>