Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Жогорку чыңалуудагы электр мамыга 12 жашар бала чыгып алды (видео)
08.11.2022 | 20:25
Бүгүн, 8-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда 12 жаштагы өспүрүм жогорку чыңалуудагы электр мамыга чыгып алган. Бул туурасунда шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, саат 15:00дөр чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 102 номуру аркылуу жашы жете элек бала Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан бийик вольттогу электр мамыга чыгып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барып анын жашы жете элек С.Н. экенин аныкташкан. Ал кооптуу жайдан алып, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришкен.
Бул факты Ленин районунун ИИБ тарабынан катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар