Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Нарында жер титиреди
29.11.2022 | 08:42
Кечээ, 28-ноябрда саат 19:02де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом