Италиядан жер көчкүдөн кишилер өлүүдө

Италиядан жер көчкүдөн кишилер өлүүдө

Италиянын Иския аралындагы жер көчкүдөн кеминде 8 киши каза болду, алардын үчөө бала. Төрт адам дайынсыз болууда.

Жер көчкүдөн эң көп жабыркаган Касамиччила Терме шаарында куткаруу иштери дүйшөмбү күнү да улантылды. 230 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Куткаруучулар кээ бир үйлөрдүн ичине кирүү үчүн тонналаган топурактарды тазалоого туура келүүдө.

Мындай трагедиялар мезгил-мезгили менен Италияда болуп турат. Өткөн жылы эксперттер италиялык муниципалитеттердин 90%дан ашыгы жер көчкү, суу ташкындары жана топурак эрозиясынын коркунучунда экенин эскерткен.

Өлкөнүн башка аймактарындагыдай эле, кырсыкка кабылган аралдагы көптөгөн үйлөр кооптуу аймактарда уруксатсыз курулган. Алардын ээлеринин жарымына жакыны акыркы жылдары имараттары бузулбашы үчүн мунапыс сурап кайрылышкан. Ишембиде жабыркаган үйлөрдүн отузга жакыны тоо сууларынын табигый ылдыйлашынын ортосунда курулган.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Тэги: италия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>