Сокулукта дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Айсезим изделүүдө

Сокулукта дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Айсезим изделүүдө

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Айсезим Арзыматова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жашы жете элек Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен анын жакындары райондук милицияга кайрылышкан. Ал 21-ноябрда саат 13:00дө Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, көзү кара, чачы кара (каре), ак жүздүү.

Кийими: ак түстүү хиджаб кийген, курткасы көк, бутунда ак түстөгү кроссовка.

«Эгер анын жүргөн жерин билсеңиз төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуздарды суранабыз: 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (издөө тобу), 0558 86-14-86 (группа розыска)», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>