Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Асель Чынбаева “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясына катышты
29.11.2022 | 17:53
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 16 күндүк “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясынын алкагында өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул акциянын алкагында быйыл Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш-чараларды өткөрүп, ага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышууда.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева КР ИИМ тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, чоңдор биздин келечегибиз болгон балдарга түшүнүү менен, аяр мамиле жасоосу керектигин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом