Кара-Кулжада УКМКнын жаңы имараты ачылды — сүрөт

Кара-Кулжада УКМКнын жаңы имараты ачылды — сүрөт

Бүгүн, 29-ноябрда УКМКнын Ош облустук Башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Имараттын ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти. Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланарын кошумчалады. «, — деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземинен соң Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен да жолугушкан. Аксакалдар менен пикир алмашып, алардын суроолоруна жооп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>