Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Ысык-Көлдө эки өспүрүм үйүнө камалып калды
30.11.2022 | 19:38
Бүгүн, 30-ноябрда Балыкчы шаарынын Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабатту үйлөрдүн бириндеги батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, куткаруу шаймандарынын жардамы менен эшикти ачып беришкен.
Батирде эки кичинекей бала калып калган. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, балдар аман-эсен ата-энесине берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом