Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келген жаран кармалды
«Ош» аэропортунда 600 миң сомдон ашык баадагы дары-дармектердин контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-ноябрда Стамбул – Ош каттамы менен учуп келген 29 жаштагы Өзбекстандын М.А. (баш тамгалары өзгөртүлдү) аттуу жаранынан, коштолуучу жүгүн текшерүү учурунда, бажылык тариздөөнү ырастоочу эч бир документтери жок 2 миң 376 кассета (блистер) «Elevit Pronatal» дары каражаттары табылып алынган.
Дары каражаттардын орточо базар баасы 632 миң сомду түзөт.
[image_carousel source=”media: 167751,167750,167749″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз