Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келген жаран кармалды

Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келген жаран кармалды

«Ош» аэропортунда 600 миң сомдон ашык баадагы дары-дармектердин контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-ноябрда Стамбул — Ош каттамы менен учуп келген 29 жаштагы Өзбекстандын М.А. (баш тамгалары өзгөртүлдү) аттуу жаранынан, коштолуучу жүгүн текшерүү учурунда, бажылык тариздөөнү ырастоочу эч бир документтери жок 2 миң 376 кассета (блистер) «Elevit Pronatal» дары каражаттары табылып алынган.

Дары каражаттардын орточо базар баасы  632 миң сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

                                                
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>