Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бишкекте 9-10-декабрда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда