Кызыл-Кыянын тургуну марихуана менен кармалды

Кызыл-Кыянын тургуну марихуана менен кармалды

Кызыл-Кыя шаарында 63 жаштагы жашоочунун үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 63 жаштагы Б. оглы Т.нын жашаган турак үйүнөн жана анын кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү наркотикалык затка окшогон өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 45 граммга жакын баңгизатын табышкан.

Бул факт Баткен ОИИБде каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусунда наркотикалык заттын “марихуана” түрү экендиги аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>