Кремль ЕБ санкциялары тууралуу: Бишкек Москва менен болгон мамилесинде өз кызыкчылыктарын көздөйтКореяда иштеп келген кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун алышууда — орточо эсеп менен 3 789 долларданУКМКнын, банктын кызматкерибиз деп 9 млндон ашык сомго алдап кетишкен. Шектүүлөр кармалдыАскерге чакырылуучулар үчүн медкомиссия бейтапканаларга которулуп, кагаз документтерден баш тартылатБиринчи май райондук прокуратурасы балдардын укуктарын коргоо ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүдөЕБ санкцияларынан улам Кыргызстанга «домино эффектиси» коркунучу туулууда — Кулов
Кытайга гранттык окуу үчүн сынак узартылды
14.12.2022 | 12:33
Кытайга гранттык окуу үчүн сынактын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-2024-окуу жылында Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылды.
Каалоочулар student.edu.gov.kg онлайн системасындагы “2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.
Шарттар жөнүндө толугураак – edu.gov.kg
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом