Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Жайыл районунда уурулукка шектелип эки адам кармалды
16.12.2022 | 23:36
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-декабрда Алексеевка айылынын тургуну У.А. 17 миң 800 сомдук тиричилик техникасын уурдап кеткен.
Бул факты боюнча Жайыл районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган А.Б., 1995-жылы туулган А.М аттуу жарандар кармалган. Андан соң алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар