Бишкек: Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты жанды

Бишкек: Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты жанды

Бишкектин тургундары менен кошо борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров өлкөнүн башкы балатысын жандырышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу салтка айланган аземи болуп өттү.

Шаардыктар менен бирге өлкөнүн башкы 25 метрлик жаңы жылдык балатысын Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов жандырышты.

Шаардыктарга жана борбордун конокторуна жаңы жылдык маанайды “Кыргыз руху” фольклордук ансамбли, орустун “Сувенир” ыр ансамбли, “Семетей” ыр жана бий ансамбли, ошондой эле улуттук сахнанын жылдыздары жаратты.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык балаты орнотуу жана жасалгалоо “Тазалык”, “Бишкексвет” муниципалдык ишканалары тарабынан жүргүзүлдү.

Рамкага 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилип, аларга 7 миң оюнчук коюлган. Өлкөнүн башкы балатысындагы 7 миң оюнчук Кыргызстандын 7 миллион калкынын символу болуп саналат.

Айнек формасындагы металл конструкциялар 8 км светодиоддук гирляндалар, 2 км лампа гирляндалары, 2,3 км сары дюраликтер менен кооздолгон.

Ошондой эле, борбордук аянтка кичи архитектуралык формалар орнотулду: бугу, бүркүт, илбирс, ат, «2023», дарак, карагай, коён жана белек.

Эске салсак, быйыл борбор калаанын башкы балатысы чоң фонтандын ордуна орнотулган.

Программа салттуу түрдө Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>