Кыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашыратАКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирдиЧүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук продукциялар аныкталды«Көмүскө келишимсиз» мамлекет. Шерадил Бактыгулов административдик-аймактык реформа тууралууКыргызстан жакынкы арада кайсы жерлерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачат? ТИМ маалымат бердиКара-Балтада 4 млн долларлык грантка жапон технологиясы менен таштанды полигону курулат
Көчөдө тилин жутуп, ээсин жоготкон эки жашар бала куткарылды
18.12.2022 | 10:26
Бишкекте куткаруучулар 2 жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 16-декбарда саат 18:00дөр чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде нөөмөттөн кайтып келе жаткан куткаруу кызматынын унаасы жолдон өтүү кезегин күтүп, токтоп турган маалда келин баласы тилин жутуп, эс учун жоготкондугун айтып, жардам сурап кайрылган.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 3 куткаруучусу барып, 2 жашар А.Ч. аттуу баланын тилин чыгарып, жасалма дем алдыруу жолу менен дем алышын калыбына келтиришкен.
Андан соң, куткаруучулар наристени №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар