Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Сүлүктүдө жаңы бала бакча ачылды
28.12.2022 | 09:17
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Сүлүктү Жеткинчек» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакча Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгеси менен ачылган. Ошондой эле иш-чарага депутат Чыңгыз Ажибаев, Лейлек районунун акими Алмазбек Раманкулов, Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов катышты.
«Сүлүктү Жеткинчек» 60 орундуу ясли бакчасында 21 кызматкер эмгектенет. Бюджеттин эсебинен ашкана, кир жуучу жай, музыкалык зал, усулдук бөлмө, медициналык кабинет, директордун кабинети курулду.
Мындан тышкары, депутат Миргүл Темирбаева чек ара аймагында жабыр тарткан балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга да катышып, балдарга китептерди белек катары тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом