Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүСадыр Жапаров 1990 жана 2010-жылдардагы окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырдыМамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди«Кыргызсериал» сценарийлер сынагын жарыялады. Катышуу шарттары кандай?Кыргызстанда космос тармагын 2031-жылга чейин өнүктүрүү программасы иштелип чыкты
Сүлүктүдө жаңы бала бакча ачылды
28.12.2022 | 09:17
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Сүлүктү Жеткинчек» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала бакча Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгеси менен ачылган. Ошондой эле иш-чарага депутат Чыңгыз Ажибаев, Лейлек районунун акими Алмазбек Раманкулов, Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов катышты.
«Сүлүктү Жеткинчек» 60 орундуу ясли бакчасында 21 кызматкер эмгектенет. Бюджеттин эсебинен ашкана, кир жуучу жай, музыкалык зал, усулдук бөлмө, медициналык кабинет, директордун кабинети курулду.
Мындан тышкары, депутат Миргүл Темирбаева чек ара аймагында жабыр тарткан балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга да катышып, балдарга китептерди белек катары тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом