Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топ жолукту

Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топ жолукту

Ушул жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>