Уят да! Садыр Жапаров иш кагаздарды кыргызча жазууга үндөдү

Уят да! Садыр Жапаров иш кагаздарды кыргызча жазууга үндөдү

Мамлекеттик органдарда иш кагаздарды бир гана расмий тилде (орус тили) алып баруу туура эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда «кыргыз жараны» концепциясы иштелип чыгып, ага ылайык мамлекеттик тил (кыргыз тили) өлкөдөгү 100дөн ашык этносту бириктирген тил болушу керек

«Өлкөбүздө жашаган жүздөн ашык этностун ортосундагы мамилени бекемдөө, жарандык бирдейликти өнүктүрүү боюнча «кыргыз жараны» концепциясын кабыл алып бердик. Концепцияга ылайык, мамлекеттик тил бардык жарандарды бириктирүүгө негизги өбөлгө болуусу зарыл. Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт», — деди ал.

Жапаров мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси кагаз бетинде, сөз жүзүндө эле калып жатканын белгиледи.

Ал бир нече министрликтин иш кагаздарды мамлекеттик тилде алып баруусуна канааттанбаганын билдирди. Анын айтымында, Экономика жана коммерция министрлиги — 13%, Санариптик өнүүгү министрлиги — 12%, Юстиция министрлиги — 13% жана Энергетика министрлиги 17% иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазат.

«Бул көрсөткүч 50%дан кем болбошу керек. Уят да! Кыргыз болуп туруп, иш кагаздарын кыргызча алып барбай… жалаң орус тилинде алып барган туура эмес деп ойлойм», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>