Союзбек Надырбеков парламентке балдак менен келди — видео

Союзбек Надырбеков парламентке балдак менен келди — видео

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков бутун сындырып алганына байланыштуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 28-декабрдагы жыйынына балдак менен келди.

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков баяндама жасаган министрдин орун басарынан “сиз азыр бир бутуңуз менен турасызбы?” деп сурап, оң жооп алгандан кийин төраганын орун басарынан баяндамачыга отуруп жооп берүүгө уруксат берүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Союзбек Надырбеков ага ыңгайлуу экенин айтты.

Төраганын орун басары регламент боюнча биринчи окууга келгенде баяндамачы туруп жооп бериши керектигин айтып, анын ден соолугунун абалын эске алуу менен ага отуруп жооп берүүгө уруксат берди.

Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган Кыргызстанда жаштар категориясына кирген жарандардын жашын 30 жашка чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>