Видео: Жаштарга киресизби же карыларгабы? Парламенттеги талкуу

Видео: Жаштарга киресизби же карыларгабы? Парламенттеги талкуу

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган Кыргызстанда жаштар категориясына кирген жарандардын жашын 30 жашка чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Учурда мыйзам боюнча жаштар 28 жашка чейинки жарандар болуп саналат.

Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдон канча жашта экенин сурады. Ал 32 жашта экенин билдирди.

“Демек, өзүңүз даярдап келген мыйзам долбооруна сиз кирбей калат экенсиз да. Ошондо сиз жаштарга киресизби же картаңдаргабы?”, — деп сурады Акбөкөн Таштанбеков.

Өз кезегинде Союзбек Надырбеков орто жаштарга кирерин айтты.

 “Шайлоо кодексинде жаштар 35 жашка чейин деп көрсөтүлүп турат. Бул мыйзам долбоор ага карама-каршы келбейби?”, — деп сурады депутат.

Министрдин орун басары: “Мыйзамда 28 жаш деп көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө 30-35 жашка чейинки жарандар менен тыгыз иш алып барабыз. Жаш ишкерлер багытында дагы 35 жашка чейин деп карайбыз”, — деди.

Депутат бул мыйзам долбоору конституциялык мыйзамдарга карама-каршы келерин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>