ЕАЭБ өлкөлөрү ичинде эң арзан сүт Кыргызстанда сатылат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде эттин кымбаттыгы боюнча алдыда турат. Бирок Кыргызстанда сүт эң арзан баада сатылат.
«Маселен, Кыргызстанда 1 тонна сүт 392 доллар турат. Казакстанда сүттүн баасы – 402 доллар, Беларуста – 481 доллар. Сүт Армения (535 доллар) менен Россияда (562 доллар) кымбат турат», — деп айтылат маалыматта
Биздин Телеграм каналга катталыңыз