Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Өкмөт ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 млрд сом бөлөт
13.01.2023 | 12:33
Былтыркы жылы республикалык бюджеттен үстөксүз насыяларды берүүгө 1 миллиард 756 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Бул каражатты Каржы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга бөлүп бергени айтылат.
“Ишкерлерге 1 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатат. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты“, – деп айтылат маалыматта.
Кошумчаласак, бул долбоордун алкагында 2023-жылы чакан жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом бөлүнөрү күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом