Сокулукта кытайлык ишкерлер каракталды. Окуянын чоо-жайы

Сокулукта кытайлык ишкерлер каракталды. Окуянын чоо-жайы

Чүй облусунда кытайлык ишкерлерди карактап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 9-январда Сокулук айылында беткап тагынган куралчан (тапанча) төрт адам «Ремп Групп» ЖЧКсынын имаратына кирип келип, Ю.Н. аттуу кызматкерди жана В.П.Л., В.Чж.Ф. аттуу кытайлык ишкерлерди сабап, байлап, андан кийин 650 миң сомду алып кетишкен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Балыкчы шаарынын 30 жаштагы А.Н., 29 жаштагы А.А., 33 жаштагы М.А. жана 31 жаштагы Т.А. аттуу тургандары жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>