Эрлист Акунбеков Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу — айыл чарба министри болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат
Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?
13.01.2023 | 14:19
Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 13-январга караган түнү болгон. Маркум криминалдык чыр-чатактын, пикир келишпестиктин айынан өлтүрүлгөн. Дагы бир адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
“31 жаштагы адам каза болду, 27 жаштагы жаран реанимацияда жатат. Ал экөө жана кол салган адамдар да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат. Катышуучулардын бардыгынын өздүгү аныкталган, эмне себептен өлтүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Учурда аларды кармоо боюнча иштер жүрүүдө”, – деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз