Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы жана аткаруучу Малик Аликеев 54 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев билдирди.
Малиев Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» аттуу ырлары менен таанылган. Артында бир уулу калды.
Эске салсак, Малик Аликеев 2020-жылы катуу ооруп, буту баспай калган. Мындан улам анын жамбаш сөөгүнө Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда эки операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алганы маалымдалган.
Акыркы жылдары ал эки балдак менен басып, айрым концерттик программаларга катышып жүргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз