Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Белгилүү ырчы Малик Аликеев көз жумду
17.01.2023 | 12:51
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы жана аткаруучу Малик Аликеев 54 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев билдирди.
Малиев Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” аттуу ырлары менен таанылган. Артында бир уулу калды.
Эске салсак, Малик Аликеев 2020-жылы катуу ооруп, буту баспай калган. Мындан улам анын жамбаш сөөгүнө Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда эки операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алганы маалымдалган.
Акыркы жылдары ал эки балдак менен басып, айрым концерттик программаларга катышып жүргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар