Курсант кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу үй камагына чыкты. Сот эмне дейт?

Курсант кызды өлтүрө сүзгөн айдоочу үй камагына чыкты. Сот эмне дейт?

Бишкектин Свердлов райондук соту ИИМ Академиясынын курсантын (кыз киши) өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Райондук сот билдиргендей, жактоочу тараптан шектүүнүн 5 стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, 2016-жылдан бери гемодиализ алып келе жатканы тууралуу медициналык документтер көрсөтүлгөн. Аталган оорулар өкмөт тарабынан бекитилген, шектүүнү (айыпталуучу) камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине кирет. Ага байланыштуу ал үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек-Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

13-ноябрда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган.

ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>