Таласта бир жылда 10 айыл өкмөт дотациядан чыгарылды

02.02.2023 | 16:54

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландар каралды.

«Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», – деди Эдил Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. 2022-жылы 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top