Таласта бир жылда 10 айыл өкмөт дотациядан чыгарылды

Таласта бир жылда 10 айыл өкмөт дотациядан чыгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландар каралды.

«Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», — деди Эдил Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. 2022-жылы 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>