Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Жер семирткичтерди чет жакка экспорттоого тыюу салынды
18.02.2023 | 09:20
Минералдык жер семирткичтерди Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынган. Ага ылайык, ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө (эл аралык транзитти жана министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз