Кыргызгидромет жакынкы күндөрү Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайынын болжолун жарыялады.
23-февралда Бишкекте абанын температурасы +15ке чейин көтөрүлөт.
22-февралда Ош шаарында +17 болушу күтүлөт.
Чүй облусунда абанын температурасы күндүз +15ке чейин жогорулайт.
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында күндүз +18ге чейин жылыйт.
Ысык-Көл облусунда +12, Нарын облусунда +5, Таласта күндүз +14 болушу күтүлүүдө.
Ал эми 23-февралда Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз -17 градуска чейин жетет.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз