Видео: Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран кармалды

Видео: Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран кармалды

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алып келинди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февраль күнү социалдык тармактарга той учурунда (ЗАГС) «БМВ» унаасында бара жатып, белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы тартылган видео тараган.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Ошол эле күнү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын 27 жаштагы М.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, болжол менен саат 14:00до милиция бөлүмүнө алып келинген.

«Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, «БМВ» унаасынын үстүнөн (люк) өзүнө таандык «Сайга МК-01″ ок атуучу куралынан асманга 10 жолу ок чыгаргандыгы белгилүү болгон», — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>