25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүч
Жаранды бычактап, Испанияга качып кеткен адам Бишкекке алынып келди
22.02.2023 | 15:10
Кыргызстанда бир жаранды бычактап, Испанияга качып кеткен адам Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы Э.уулу.А. аттуу айыпталуучу А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, ал Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
Башкы прокуратуранын айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылып, 22-февралда ал ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз