Белгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулатКыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышатКыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулат
Жаранды бычактап, Испанияга качып кеткен адам Бишкекке алынып келди
22.02.2023 | 15:10
Кыргызстанда бир жаранды бычактап, Испанияга качып кеткен адам Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы Э.уулу.А. аттуу айыпталуучу А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, ал Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
Башкы прокуратуранын айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылып, 22-февралда ал ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз