Этникалык кыргыздарды колдогон мыйзам долбоору талкууланды

Этникалык кыргыздарды колдогон мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов тарабынан демилгеленип, “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында маалымат берген депутат Улан Примов мыйзам долбоору тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Тагыраагы, колдонуудагы мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацын төмөнкүдөй мазмунда толуктоо сунушталууда:

“Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемелери  кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин  кабыл алат жана алар каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт”.

Бул ченем этникалык кыргыздардан түшкөн арыздарды каттоонун жана аны  Кыргызстандын миграция маселелери боюнча органына жөнөтүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө үчүн киргизилүүдө.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Эмиль Токтошев жана Айсаракан Абдибаева тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга жарандык берүү жаатындагы маселелерди ортого салышты. Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев этникалык кыргыздарга социалдык кепилдиктерди берүү маселесин көтөрдү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>