Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктады. Соттун өкүмү

Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктады. Соттун өкүмү

Бишкекте былтыр август айында болгон ок атышуу менен коштолгон окуянын катышуучусуна сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат. Соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда болуп, өкүм 13-февралда чыгарылган.

Аталган окуяда Руслан аттуу (аты өзгөртүлдү) айыпталуучу октон жараат алган. Руслан тергөө тарабынан Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталган.

Соттун токтомунда айтылгандай, былтыр 7-августта Бишкектеги кафелердин биринде кудалашуу болгон. Ага кыз тараптан Геннадий, Николай, Лев жана жигит тараптан Руслан, Ч.Ш. (аты өзгөртүлдү) жана башка тууган-достор келген.

Болжол менен саат 16:20да кыз менен жигиттин туугандары Геннадий менен Ч.Ш.нын ортосунда, мурдагы начар мамилесинен улам кайым айтышуу чыккан. Андан кийин чыр-чатак ырбап кетпеши үчүн туугандары тойдон кетүүнү сурангандыктан Руслан менен Ч.Ш. Lexus GХ 470 унаасы менен үйүнө кеткен.

Ошол эле учурда, Геннадий өзүнүн Николай, Лев аттуу туугандары болуп BMW Х-5 жана Range Rover унаалары менен алардын артынан кеткен.

Руслан Каарман көчөсүнө келип калганда, алардын артынан Геннадий жетип келген.

Ч.Ш. унаасынан түшүп, Геннадий отурган унааны көздөй баскан. Андан Геннадий менен Николай түшкөн. Ошол эле учурда, Геннадий Ч.Ш.ны бети-башка урганда, ал жерге кулаган. Ага карабай Геннадий менен Николай ур-тепкини токтоткон эмес.

Ошол учурда, Руслан унаасынан тапанча алып чыгып, асманга бир жолу ок аткан. Андан кийин тапанчанын затвору катып калган. Руслан токтоп турган унааны айланып өтүп, тапанчаны Геннадий менен Николайды көздөй бурган. Аны көргөн Николай унаасына барып, мылтык көтөрүп чыгып, Русланды көздөй баскан.

Ошол учурда, Лев өзүнүн BMW Х-5 унаасы менен (өлтүрүү максатында) Русланды сүзүп, ал BMW Х-5 менен Lexus GХ 470 унаасынын ортосунда кысылып калган. Ошол маалда, Николай (өлтүрүү аракети менен) Русланга карата ок аткан.  Натыйжада Руслан оң санынан жараат алып, шаардагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуяга байланыштуу Геннадий, Николай жана Лев издөөгө алынган, ал эми октон жаракат алган Руслан мыйзамсыз курал алып жүрүү фактысы боюнча иши сотко өткөн.

Соттун өкүмү менен ал 267-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 150 миң сом айып пул салынган.

Reporter.kg’ге Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуяга катышкан Николай Степанов, Лев Степанов жана Геннадий Каландаров кармала элек. Учурда аларды издеп-кармоо иштери уланып жатат.

Милиция издөөгө алынган адамдардын жүргөн жери боюнча маалыматы бар жарандарды 0312 43-75-68), 102, 0312 48-64-47 же 0552-102-906, 0554-102-147) номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Былтыр аталган окуя болгондон кийин, анын видеосу да чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>