Каржы министри Дүйнөлүк банктын өкүлү менен 101,5 млн кредит берүү маселесин талкууладыКой-Таштагы офицерлер акча талап кылып кармалдыЖакынкы Чыгыштагы согуш: Ислам дүйнөсү Дохада тынчтык боюнча сүйлөштүЖалал-Абадда Түрк мамлекеттер уюмунун туризм боюнча форуму өтөтЭрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль уттуТокмоктогу окуя. Үй-бүлөнүн үч баласы атасынын камкордугунда – министрлик
Бишкекте аялын жана бир жашар баласын сабаган киши кармалды
26.02.2023 | 13:24
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү делип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-февралда К.К. аттуу аял милицияга кайрылып, кечке жуук ага жана анын 2022-жылы туулган баласынын денесине залал келтирген К.Д аттуу күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө кызматына 1988-жылы туулган К.Д. аттуу жаран алынып келинген.
Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом